Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 232/35-7
Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы жараксыз автоунаа каражаттарын эсептен чыгаруу жана металл катары садгууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаардык мэриясынын 10.12.2019-жылдагы №01-1/1929 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №9 протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы документтик тиркемеге ылайык, пайдаланууга жараксыз автоунаа каражаттары эсептен чыгарылып, металл катары сатууга макулдук берилсин жана сатуудан түшкөн акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебине чегерилсин.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү документтик иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык, тартипке келтирүү жагы Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кецешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н. Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |