Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/8
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2017-жылдын 11-октябрындагы, кир.№01-7/487 катын карап жана талкуулап, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), БжӨСМнин 75 320 (жетимиш беш миң үч жүз жыйырма) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, 2215-беренесинен (кызматтарды пайдалануу), 2214-беренесине, автоунаага тетиктерин сатып алуу үчүн жылдырсын.
2. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), мурда бала-бакча куруу үчүн каралган акча каражатынын эсебинен, жалпы суммасы 380 400 (үч жүз сексен миң төрт жүз) сом болгон акча каражатынын ичинен: 3111-беренесинен, 2224-беренесине, көмүр сатып алуу үчүн, 253 680 (эки жүз элүү үч миң алты жүз сексен) сом, 2218-беренесине – 126 720 (жүз жыйырма алты миң жети жүз жыйырма) сом акча каражатын азык-түлүк сатып алуу үчүн, Нефтяник районундагы жаңы бала-бакчага, жылдырсын.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |