Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 233/35-7
Талас шаарындагы түнкү жарыктандырууларды жана сатылып алынган мүлктөрдү муниципалдык менчик реестрине каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5,9-беренелери, Талас шаардык мэриясынын 10.12.2019-жылдагы №01- 4/1934 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын № 9 протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Алымкулов көчөсүнө Ч.Айтматов көчөсүнөн Р.Алканов атындагы ат майданына чейинки 2000 метр аралыкта орнотулган жалпы суммасы -904,649 (тогуз жүз торт мин алты жүз кырк тогуз) сомду түзгөн түнкү жарыктандыруулар, жалпы суммасы 3630412 (үч миллион алты жүз отуз мин торт жүз он эки) сомду түзгөн Талас шаарындагы Ч.Сатаев, Ш.Шеркулов, Ж.Мырзалиев, Умот Молдо, Э.Мадиев, А.Оторбаев, Бердике Баатыр көчөлөрүнө орнотулган түнкү жарыктандыруулар, жалпы суммасы 4600000 (торт миллион алты жүз мин) сомду түзгөн Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына сатылып алынган KO-440BI шасси КАМАЗ 65115 үлгүсүндөгү арты менен жүктөп таштанды чыгаруучу техникасы жана жалпы суммасы 2000000 (эки миллион) сомго барабар 100 даана турмуш тиричилик таштандылары үчүн жаны үлгүдөгү контейнерлер Талас шаарынын муниципалдык менчик реестрине киргизилсин.
2. Мүлктөрдү муниципалдык менчик реестрине кабыл алуу боюнча мыйзам талаптарына ылайык, тиешелүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кецешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н. Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |