Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 236/35-7
Талас шаардык мэриясынын жергиликгүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023- жылдарга карата Программасын шике ашыруу боюнча тиешелүү мыйзамдарга ылайык сунушталган жоболору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2013-жылдагы №513 токтому, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамы, Талас шаардык мэриясынын 10.12.2019-жылдагы №01-1/1936 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 28.11.2019-жылдагы №6 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кецешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023- жылдарга карата Программасынын иш аракеттер планы жана Талас шаарындагы жергиликтүү демилгелерди колдоо максатында төмөндөгү жоболор тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобосу;
- Талас шаарынын жарандарын жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө жобосу;
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараевге) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |