Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 237/35-7
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамына ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын резервине иш кагаздарын тапшырган талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 5.11.2019- жылдагы №121 мыйзамына ылайык, Аймактык шайлоо комиссиясынын 17.12.2019-жылдагы №4 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын сактоо боюнча макулдук арызы жана жарандардын чогулушунан протоколдору бар жарандардын тизмеси Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлер катары бекитилсин.
2. Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндөгү Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин чечими Талас райшаардык аймактык шайлоо комиссиясындагы БШКнын атайын өкүлүнө (Т.Сетеков) жөнөтүлсүн.
3. Токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |