Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 238/35-7
Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан сатылып алынган проектордук экран жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пункту, Талас шаардык мэриясынын 18.12.2019-жылдагы № 01-5/1978 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 68500 сомго сатылып алынган проектордук экранды Талас мамлекеттик университетинин материалдык базасын чындоо максатында окуу жайдын балансына өткөрүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 68500 сомго сатылып алынган проектордук экранды Талас мамлекеттик университетинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдетгендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н. Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |