Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXV - сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 239/35-7
Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 23.12.2019-жылдагы №01-3/2014 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 4.12.2018-жылдагы №161/26-7 сандуу токтому менен бекитилген комиссиянын курамына төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас башкармалыгынын финансы-бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн башчысы Досмат уулу Догдурбек жана Талас ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Бердияров Эмилбек Эркинбекович башка жумуш ордуна которулуп кеткенине байланыштуу алардын ордуна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Талас башкармалыгынын башчысы Ниязалиев Жусупжан Макулбекович жана Талас ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Ураимжанов Тилебалды Ураимжанович киргизилип, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |