Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү кезектеги кеңешмесинин токтому
2020-жылдын 11-августу № 166
Өмүралиев айыл аймагындагы Чатбазар айылынын А.Оторбаев көчөсүнүн №46 (мурдагы 38-40) дарегинде жайгашкан 0,30га жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2019-жылдын 18-декабрындагы №146 сандуу кабыл алынган токтомун Талас райондук прокуратурасынын каршылык билдирүүсүнүн негизинде жокко чыгаруу максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү кезектеги кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2019-жылдын 18-декабрындагы №146 сандуу кабыл алынган токтому Талас райондук прокуратурасынын каршылык билдирүүсүнүн негизинде жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | У.Алмолдоев |