Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/9
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 3-ноябрындагы, чыг. №1/16-4042 катын карап жана талкуулап, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын, XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясына, окуучуларды ташуу үчүн автобус сатып алууга каралган 2 400 000 (эки миллион төрт жүз миң) сом акча каражатын, шаардын көчөлөрүнө аялдама куруу үчүн пайдаланууга уруксаат берилсин.
2. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), КМЖАнын,
2 400 000 (эки миллион төрт жүз миң) сом акча каражатын, ЖЧМИнин эсебине, шаардын көчөлөрүнө аялдама куруу үчүн жылдырсын.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |