Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү кезектеги кеңешмесинин токтому
2020-жылдын 11-августу № 169
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июль “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө ”451 сандуу токтомуна ылайык Талас районунун Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз үчүнчү кезектеги кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймагынын калкынын санына (5800беш мин сегиз жүз) жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1- тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Айыл аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктту жетектөөчү адистин денгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “айыл башчысы”(айылдын старостасы)кызмат орду (1штаттык бирдик)бекитилсин;
3. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер аскердик эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2штаттык бирдик )бекитилсин;
4. Айылдык аймагынын калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги 10 штаттык бирдик болгондугуна байланыштуу, дагы жер, турак жай коммуналдык маселелер боюнча адис (1 штаттык бирдик) бекитилсин;
5. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Талас райондук каржы бөлүмү тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы П.Кыдыковага жүктөлсүн.
Төрага: | У.Алмолдоев |
| Тиркеме №1 |
Өмүралиев айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны
Кызматтардын аталышы | Өмүралиев айыл өкмөтүнүн калкынын саны 5800 5минден 7миңге чейин | |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 | |
Башчынын орун басары | - | |
Жооптуу катчы | 1 | |
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы | 1 | |
Чыгаша боюнча башкы адис | 1 | |
Жер,турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис | 1 | |
Киреше боюнча башкы адис | 1 | |
Социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адис | 1 | |
Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис | 1 | |
Жер,турак жай коммуналдык маселелер боюнча адис | 1 | |
Айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын алып баруу боюнча адис | 1 | |
Жыйынтыгы: | 10 | |
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары | ||
Жетектөөчү адис-айыл башчы (айыл тургундарынын жыйналышынын макулдугу менен) | 1 | |
Адис-аскердик- эсепке алуу столунун инспектору | 2 | |
Жыйынтыгы: | 3 | |
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер ТТК МТК | ||
Тазалоочу | 1 | |
Кароолчу | 1 | |
Жыйынтыгы: | 2 | |
Жооптуу катчы: | П.Кыдыкова |