Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезексиз кеңешмесинин токтому
2020-жылдын 22-октябры № 170
Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Манас айылынын тургуну Ботиков Осмонбектин жазган арызын карап, талкуулап чыгып Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айылынын тургуну Ботиков Осмонбектин жазган арызынын негизинде эки каналдын ортосундагы 20 сотых жер жашылдандыруу үчүн берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | У.Алмолдоев |