Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезексиз кеңешмесинин токтому
2020-жылдын 11-октябры № 171
Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Манас айылынын тургуну Бурусманов Бектурсундун жазган арызын карап, талкуулап чыгып Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айылынын тургуну Бурусманов Бектурсундун жазган арызынын негизинде Сүттүү-Булак өрөөнүнүн Ноот-Булак өзөнүндөгү эски сарайдын ордуна сарай салууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | У.Алмолдоев |