Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезексиз кеңешмесинин токтому
2020-жылдын 22-октябры № 174
Өмүралиев айылдык аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Өмүралиев айылдык аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айылдык аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестри иштелип чыгып бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | У.Алмолдоев |