Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезексиз кеңешмесинин токтому
2020-жылдын 22-октябры № 177
Өмүралиев айыл аймагынын Чатбазар айылындагы Эдилов Разабек көчөсүндө жайгашкан “эски масло заводду” жана анын жанындагы көлмөнү айыл өкмөтүнүн балансына алуу максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезектеги кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагынын Чатбазар айылындагы Эдилов Разабек көчөсүндө жайгашкан “ эски масло завод”24350м жана анын жанындагы көлмө 2620м2 жери бекитилип, айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Токтом менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | У.Алмолдоев |