Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/10
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 3-ноябрындагы, кир.№01-7/5221 катын карап жана талкуулап, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын, XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Каракол шаарынын мэриясына, "Жашылдандыруу чарбасы" МИнин үнөмдөлгөн 340 000 (үч жүз кырк миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, бир комплект светофор сатып алууга уруксаат берилсин.
2. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), "Жашылдандыруу чарбасы" МИнин 340 000 (үч жүз кырк миң) сом акча каражатын, ЖЧМИнин эсебине, бир комплект светофор сатып алууга үчүн жылдырсын.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |