Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры № 97
Кум-Арык айылындагы “Байчечекей” бала бакчасынын экинчи блогун үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөзүү жөнүндө
Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы сунуштап жаткан үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кум-Арык айылындагы “Байчечекей” бала бакчасынын экинчи блогун капиталдык ремонттон өткөзүү демилгесин угуп, талкуулап Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз № 22 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Арык айылындагы “Байчечекей” бала бакчасынын экинчи блогун үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөзүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Кум-Арык айылындагы “Байчечекей” бала бакчасынын экинчи блогун үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөзүү долбоорунун сметасынын жалпы наркы 3 469 512 (үч миллион төрт жүз алтымыш тогуз миң беш жүз он эки) сомду түзгөндүгү белгиленип, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 346 951 (үч жүз кырк алты миң тогуз жүз элүү бир) сом акча каражаты каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылат.
Төрага | М.О.Исаков |