Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры № 104
Бердике баатыр айылдык өкмөтү боюнча 2017-жылдын жыйынтыгы менен 01.01.2018-жылга карата калган 1896093 сом эркин каражатынан калган калдык 35 000 сом акча каражатын жумшоо жөнүндө.
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз № 23 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айылдык өкмөтү боюнча 2017-жылдын жыйынтыгы менен 01.01.2018-жылга карата калган 1896093 сом эркин каражатынан калган калдык 35 000 сом акча каражаты билим берүү тармагына жумшалсын:
а) Билим берүү тармагына таза суу киргизүү жана септиктерди казуу үчүн 35 000 (Отуз беш миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | М.О.Исаков |