Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11 -январы № 106
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен түзүлгөн келишимди карап, талкуулап чыгып, Бердике баатыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Талас райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | М.О.Исаков |