Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/11
Каракол шаардык соттук аткаруучулар бөлүкчөсүнүн, ага сот аткаруучусу Р.Д.Илипаевдин, 2017-жылдын 8–ноябрындагы, кир.№01-7/529, документти ыктыярдуу аткаруу жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын, XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, 268 404 (эки жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз төрт) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, А.М.Абдыкадыровго, айлык акы, пайдаланбаган өргүү үчүн компенсация, ден соолукту чыңдоого жөлөк пул жана мамлекеттик пошлина иретинде төлөө үчүн, берүүнү карасын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтом ММКларда жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |