Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/12
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин катын, Каракол шаардык сотунун, 2017-жылдын 6-февралындагы, ГД-762/16и5 чечимин, Ысык-Көл областтык сотунун, 2017-жылдын 24-майындагы, №КИ-05-64/16ГД токтомун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, А.Р.Курбановдун, аргасыз иштен калгандыгы үчүн эмгек акы жана мамлекеттик пошлинага, төлөп берүү үчүн, баардык суммасы 145 800 (жүз кырк беш миң сегиз жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин:
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2017-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен 9400 (тогуз миң төрт жүз) сом;
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2017-жылдын башындагы эркин калдыктан, мурда бөлүнгөн каражаттын эсебинен, улгайган адамдар үчүн күндүзгү "Ардагер" борборуна, матералдык жардам катары берилген 136 400 (жүз отуз алты миң төрт жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын;
2. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |