Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 125
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды натыйжалуу пайдалануу жүзөгө ашыруу максатында. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген “Берилген айырым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансфекттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасынын бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы №888 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлиги жөнүндө Жобонун” жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин 2019-жылдын 29-июлунун №95 Буйругунун негизинде Бердике баатыр айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишиминин тиркемесине ылайык бир штаттык бирдик бекитилсин
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Борбашовго тапшырылсын.
Төрөгасы | М.О.Исаков |