Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 129
Кум-Арык айылындагы “Байчечекей” бала бакчасынын экинчи блогун дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөзүү жөнүндө
Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы сунуштап жаткан дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен Кум-Арык айылындагы “Байчечекей” бала бакчасынын экинчи блогун капиталдык ремонттон өткөзүү демилгесин угуп, талкуулап Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз № 28 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Арык айылындагы “Байчечекей” бала бакчасынын экинчи блогун дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөзүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Кум-Арык айылындагы “Байчечекей” бала бакчасынын экинчи блогун дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөзүү долбоорунун сметасынын жалпы наркы 3 447 751 (үч миллион төрт жүз кырк жети миң жети жүз элүү бир) сомду түзгөндүгү белгиленип, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 517 162 (беш жүз он жети миң жүз алтымыш эки)сом акча каражаты каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылат.
Төрөгасы | М.О.Исаков |