Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 130
Компьютерде иштеген убактысы үчүн эмгек акысына үстөк төлөм белгилөө жөнүндө
Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегиндеги 42 пунктунун 17 пункчасына ылайык “компьютер менен иштөө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү” жөнүндө токтомуна жана Эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын кеңешмесинин № 1,2 Протоколуна ылайык Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин V I I–чакырылышынын кезексиз №28 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 18-июнундагы № 146\75Д сандуу электромагниттик нурлануунун жана чуу көлөмүн өлчөө протоколунда көрсөтүлгөн Бердике баатыр айыл өкмөтүндөгү кызматкерлердин эмгек акысына 25% пайызга чейинки өлчөмдө белгиленип жана 2019-жылдын 03-июлунан баштап эсептөө (перерасчет) иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрөгасы | М.О.Исаков |