Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 243/36-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылга карата аткарылган иштери жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүм 3-баптын 3.6 пункту жана Талас шаардык кенешинин 2019-жылга карата иш планынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2019-жылга карата аткарылган иштери жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |