Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 245/36-7
2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Талас шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдагы такталган планы – 132545,6 миң сом, аткарылганы-137601,8 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгүнүн такталган планы -144883,7 миң сом, аткарылганы-134786,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |