Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 246/36-7
Талас шаарында “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдөрдү белгилөө тартиби боюнча” Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту,Талас шаардык мэриясынын 17.02.2020-жылдагы №01-5/252 чыгыш сандуу катынын негизинде,Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ”Регламент,депутаттык этика,мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери,көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 19.02.2020-жылдын №2 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып,Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында“Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдөрдү белгилөөтартиби боюнча” жобосу тиркемеге ылайыкбекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Байгараев) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |