Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 247/36-7
Талас шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык мэриясынын 31.01.2020-жылдагы №01-4/146 чыгыш сандуу каты жана 21.02.2020-жылдагы №01-5/294 сандуу сунуштамасынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын ачууга жана ишкананын жетекчиси кызмат ордуна Жылдызов Нурланбек Бектурсуновичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Талас шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Талас шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы, Талас шаардык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы менен келишимдик негизде жыл сайын май-август айларында Ассенезатор ГАЗ 330900-1352 маркасындагы 0631ТА номердеги атайын унаасын (“Таза-Суу”МИ) сугат иштери үчүн пайдаланууга жөнөтүү жагы суралсын.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |