Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 248/36-7
Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын Жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн 2020-жылга штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык мэриясынын 05.02. 2020-жылдагы №01-1/159 сандуу катынын негизинде Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын Жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн 2020-жылга штаттык бирдиги жана айлык акылары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |