Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 250/36-7
”Бакубат-Талас” кайрымдуулук фондусу аркылуу каржыланган кийим тигүүчү жабдууларды Талас шаарынын муниципалдык менчик реестрине кабыл алуу жана өзүн өзү каржылоочу муниципалдык ишканасын ачууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5,9-беренелери, Талас шаардык мэриясынын 10.12.2019-жылдагы №01-4/1934, 20.02.2020-жылдагы №01-5/284 чыгыш сандуу каттарынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын № 2 протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Бакубат-Талас” кайрымдуулук фондусу аркылуу 570,0 мин сомго сатылып алынган 21 даана (жыйырма бир) кийим тигүү жабдуулары Талас шаарынын муниципалдык менчик реестрине кабыл алынсын.
2. Талас шаарында өзүн өзү каржылоочу “Айша” муниципалдык ишканасын ачууга жана анын жетекчиси кызмат ордуна Момунтаева Арсыкан Күмүшбековнаны дайындоого макулдук берилсин.
3. Талас шаарында өзүн өзү каржылоочу “Айша” муниципалдык ишканасы (А.Момунтаева) тез арада Уставын иштеп чыксын жана жумушчуларды алууда Талас район, шаардык социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгы менен тыгыз иш алып барсын.
4. Мүлктөрдү муниципалдык менчик реестрине кабыл алуу боюнча мыйзам талаптарына ылайык, тиешелүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |