Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 251/36-7
Талас шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Талас шаардык мэриясы тарабынан сунушталган Талас шаарынын 2020-жылга бюджетин жана 2021-2022-жылдарга болжолдуу планын карап, талкуулап чыгып Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 143752,7 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 143752,7 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Талас шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 1- тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.
3. Талас шаарынын 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын.( № 2,3 тиркеме тиркелет).
2021-жылга киреше боюнча болжолу 151605,7 мин сом
2022-жылга киреше боюнча болжолу 157651,7 мин сом
4. Талас шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
5. Талас шаарынын 2021-2022 жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын. (№ 5,6 тиркеме тиркелет).
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) жүргүзүлсүн.
7. Жергиликтүү бюджеттен 2019-жылы жетишсиз каржыланган бөлүгү 2020-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын.
Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
8. 2020-жылдын 1-январынан шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
9. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 24-беренесине ылайык шаардык бюджетке 600,0 мин сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.
10. 2020-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан 85 пайыз, сатуудан түшкөн салыктан-25 пайыз өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдетүү патентөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн шаардын жергиликтүү бюджетинин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан,(стратегиялык пайдалуу кендерди кошпогондо роялити) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаардын жергиликтүү бюджеттерине-50 пайыз өлчөмүндө.
11. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин. 12.Чыгашаларды коргоого алынган беренелери шаардык Кенештин токтомунун негизинде жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мумкун. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгашаларынын жалпы көлөмүн көбөйтүү жөнүндө же болбосо анын ресустарын кыскартуу боюнча токтомдордун долбоорлору Талас финансы башкармалыгы менен кошо талкуулангандан кийин гана сунушталсын.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо (пайдалануу) үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
13. Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан ашык түшкон кирешелер толугу менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын.
Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын баардык суммасы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.
14. Жергиликтүү бюджетте каралган акча каражаттар жыл ичинде бир бөлүмдөн башка бөлүмгө жылдыруу, трансферттерди бөлүштүрүү шаардык Кенештин сессиясында кабыл алынган токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн. Бюджеттик мекемелердин атайын счетунда каралган киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин сметасында көрсөтүлгөн чыгымдарын жыл ичинде кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруулар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин (кат аркылуу) макулдугу менен өзгөртүү киргизүүгө каржы башкармалыгы аркылуу (жүргүзүлсүн) аткарууга алынсын.
15. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланчу мекеме уюм, ишканалардын штаттык бирдиги кошумча тиркемелерге ылайык бекитилсин.
16. Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетунда тиешелүү түзөтүүлөр бекитилсин.
17. Талас финансы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) жыл ичинде шаардык бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, каржылоо милдеттендирилсин.
18. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
19. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясына (Мусуралиева Н.С .) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |