Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 252/36-7
2019- жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамынын 44-беренеси, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 10.02.2020-жылдагы № 01-1/213 сандуу 2019-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 11182,3 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 11182,3 миң сом акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө макулдук берилсин:
- Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү банкы менен Талас шаардык мэриясынын ортосунда түзүлгөн “Долбоорго колдоо көрсөтүү” келишиминин негизинде, долбоорду ишке ашыруучу консультанттардын кызмат акысын төлөө үчүн 2000,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы менен “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын келишимдин негизинде, бир жылдык мөөнөт менен бюджеттик кредит катары Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын аксакалдарына 200,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык
мэриясы аркылуу каржылансын.
- Шаардык билим берүү бөлүмүнө жана чет тилдер лицейине ар кандай чыгымдар беренесине мугалимдердин медициналык кароодон өтүү жана коммуналдык
- чыгымдарды төлөө үчүн 280,0 мин сом, Талас район шаардык билим берүү бөлүмү
- аркылуу 20,0 миң сом, чет тилдер багытындагы лицейи аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын мектептер жана лицейлер арасында облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыздаган окуучуларды жана мугалимдерди акчалай сыйлоо үчүн 300 ,0 мин сом акча каражаты Депутаттардын Талас шаардык кеңеши аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына имарат куруу үчүн 1500,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык.
ишканасы аркылуу каржылансын.
- Бердике Баатыр көчөсүн абаттоо үчүн 1900,0 мин сом акча каражаты Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы 3030 даана турак үйлөргө номер белгилерин коюу үчүн 500 даана көчөнүн аталышы жазылган табличкаларды жасатып, орнотууга 700,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын А.Оторбаев Ч.Сатаев көчөсүнүн кесилишине светафор орнотууга 500,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын аймагындагы бардык түрдөгү чарбаларда болгон мал жана үй канаттууларын санактан өткөрүү үчүн 100,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас каржы башкармалыгына сатып алуу, унаа жана ар кандай чыгымдар беренесине 178,3 мин сом акча каражаты Талас каржы башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарында “Коопсуздук-2020” командалык штабдык окутуу өткөрүү үчүн 602 – резервдик ротасын түзүп, анын тамак ашына жана материалдык, канцелярдык чыгымдарына 1000,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Көк-сай чек ара кызматына 90,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык “Аксакалдар сотуна” керектелүүчү канцелярдык чыгымдар жана ОПЦнын имаратынын учурдагы ремонт иштери үчүн 120,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Жергиликтүү салыктар бөлүмүнө имарат курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 700,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата эстеликтерди ондоо иштерине 360,0 мин сом, Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтын ачууга 90.0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектебинин окуучулары Ү.Джузупбеков, А.Азисбеков жана Р.Тейишев ар бирине 70,0 мин сомдон жалпы 210,0 мин сом, 2020-жылда Япония мамлекетинин Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн машыгуу даярдыктарынан өтүү максатында Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби аркылуу каржылансын.
- Талас шаарында энелер күнүнө карата жаш энелердин ортосунда спорттук иш чараларды өткөрүү үчүн 234,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык мэриясына кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн 700,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
1. Талас каржы башкармалыгына (Ж.М.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мусуралиева) жүктөлсүн.
Төрага: | М.Есенкулов |