Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 253/36-7
Талас шаарынын аймагындагы юридикалык жана физикалык (жеке ишкерлер) жактардан таштанды чыгаруу боюнча салыктык жыйындын көлөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамынын 24-бөлүмү, 76-беренесинин 2-3- пункттарына ылайык, Талас шаардык мэриясынын 12.02.2020-жылдагы №01-3/228 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын аймагындагы юридикалык жана физикалык (жеке ишкерлер) жактардан таштанды чыгаруу боюнча салыктык жыйындын көлөмү бир жылга юридикалык жактарга 50 сом, физикалык жактарга 20 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Аталган салыктын жергиликтүү бюджетке төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 1- сентябрына карата белгиленсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |