Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 255/36-7
Талас шаарында “Олимпиада оюндарынын түрлөрү боюнча спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлоо ” жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдар спорттук мектебинин 12.02.2020-жылдын №01-3/14 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ”Регламент,депутаттык этика,мыйзамдуулук укук тартиби,жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери,көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Талас шаарында“Олимпиада оюндарынын түрлөрү боюнча спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлоо” жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Байгараев) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |