Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VII-чакырылыштагы кезектеги XXXIV - сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 257/36-7
Талас шаарындагы “Жаны Багыт” редакциясы жайгашкан К.Нуржанов аллеясы, № 32/4 дарегиндеги жалпы аянты 47,4 м2 түзгөн кыймылсыз мүлктү Талас шаарынын реестрине кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык мэриясынын 21.02.2020-жылдагы №01-4/297 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясы № 32/4 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 47,4 м2 кыймылсыз мүлк Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын реестрине кабыл алынсын жана оперативдик башкаруу келишиминин негизинде “Жаңы багыт” редакциясына колдонууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реесринен каттодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мусуралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага: | М.Есенкулов |