Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-декабры № 2
“Акназаров айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө”
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 07-декабрындагы кезексиз 26- сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык кеңешинин Таш-Кудук айылынын депутаттарынын жана айылдын жашоочуларынын Акназаров айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуулары жактырылсын.
2. Көрүнүктүү ишмер, мамлекетибиздин социалдык –экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткан, иш билги жетекчи Жакышев Руслан Шергазиевичке айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Субановго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Рысматов |