Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-декабры № 5
“Ижарага теректерди алып жүргөн А.Төлөевдин кайрылуусу жөнүндө”
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2019- жылдын 07-декабрындагы кезексиз 26-сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын жараны А.Төлөевге ижарага берилген теректердин жетилген теректерин суюлтуп кесүүго макулдук берилсин.
2. А.Төлөев КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесип суюлтууга макулдук суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты жер жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасы Н.Шабдановго жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштан күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |