Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-сентябры № 17
Жергетал айыл аймагындагы Көк-Кашат айылындагы эски мектептин ордуна бала бакча куруу жөнүндө
Көк-Кашат айылына эски мектептин ордуна бала бакча куруу жөнүндөгү сунушту карап жана талкуулап депутаттардын Жергетал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Кашат айылына эски мектептин ордуна 75 орундук бала бакча курууга уруксат берилсин.
2. Бала бакчанын керектүү иш кагаздарын берүү жагы тиешелүү Талас райондук мекеме-уюмдардан суралсын.
3. Кабыл алынган чечимди көзөмөлгө алып, аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы-Т.Б.Сакеевге жүктөлсүн.
Төрөгасы | Ж.Т. Молдояров |