Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нуржанов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
2019-жылдын 20-майы № 8
Нуржанов айыл аймагындагы калктуу конушунун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 15-Сентябрь 2016-жыл №176 буйругунун негизинде, Нуржанов айыл аймагынын 27-Декабрь 2017-жылкы №104 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Нуржанов айыл аймагынын Жон-Арык Кок-Токой калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Нуржанов айыл аймагынын Жон-Арык Кок-Токой калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Нуржанов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрайым | Р.Жееналиева |