Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу № 15
А.Нуржанов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин түштүк тарабындагы кооптуу теректерди кыюу жөнүндө
А.Нуржанов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин администрациясынын мектептин түштүк тарабындагы кооптуу теректерди кыюу жөнүндөгү жазган кайрылуусун карап чыгып, Нуржанов айылдык кеъеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. А.Нуржанов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин администрациясынын мектептин түштүк тарабындагы кооптуу теректерди кыюу жөнүндөгү жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Айыл өкмөтү айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине кайрылуу менен кайрылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Төрайым | Р.Жееналиева |