Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 20
Нуржанов айылдык аймагынын Жон-Арык жана Көк-Токой айылдарынын жашоочуларынын турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жөнүндө
Нуржанов айылдык аймагынын Жон-Арык жана Көк-Токой айылдарынын жашоочуларынын турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жөнүндө Нуржанов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Токой айылынын жашоочусу Н.Женалиевдин таштанды ташып чыгаруу жөнүндөгү жазган арызы канааттандырылсын.
2. Таштандыны ташып чыгарууга ар бир үй-бүлөдөн 120 сомдон чогултулсун жана акча чогултуу жагы ишкерлерге жүктөлсүн.
3. Таштандыларды ар жумада бир жолудан ташып кетүү жагы ишкерлерге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрайым | Р.Жееналиева |