Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 24-декбры № 27
Нуржанов айылдык аймагынын Көк-Токой айылынын Ч.Айтматов көчөсүнүн №194 а участогуна мечит курууга уруксат берүү жөнүндө
Нуржанов айылдык аймагынын Көк-Токой айылынын Ч.Айтматов көчөсүнүн №194 а участогуна мечит курууга уруксат берүү үчүн Нуржанов айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нуржанов айылдык аймагынын Көк-Токой айылынын Ч.Айтматов көчөсүнүн №194 а ИНН 6-04-07-1002-0779 коду менен жалпы аянты 600м2 бош жер участогуна мечит курууга уруксат берилсин.
2. Тийиштүү документтерин бүтүрүү жагы Талас райондук архитектура башкармалыгынан жана Талас райондук жерге жайгаштыруу мекемесинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы К. Исмаиловго жүктөлсүн.
Төрайым | Р.Жееналиева |