Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-декабры № 200
Арал айыл аймагынын 2020-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн каржы – экономика бөлүмүнүн башчысынын 2020-жылга айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү жөнүндөгү маалыматтын угуп жана Арал айыл аймагынын 2020-жылдын бюджетин бекитүү максатында, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагынын 2020-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 15208,3 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 15208,3 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Арал айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Т.Асанов |