Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясы
2019-жылдын 28-декабры № 201
Айыл тургундарынын арыздарын кароо жана жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн колдонулбай калган каражатты пайдалануу жөнүндө
Айыл тургуну Турсуналиев Төлөбайдын уулу Алканов Алишердин “Острый лейкоз” дартынан дарыланууга материалдык жардам сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын бюджеттик жылдын аягына түзүлгөн жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн колдонулбай калган каражат эсебинен статья 3111-1500,0 миң сомдон статья 2215 ке 75,0 мин сому которулуп, бул акча каражаты Алканов Алишердин “Острый лейкоз” дартынан дарыланууга материалдык жардам катары берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасы | Н.Т.Асанов |