Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 9
Электр көмөк чордонун орнотуу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
1. Депутаттардын Жергетал айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы Жергетал айыл аймагына караштуу Кызылтуу айылындагы эски МТФ участогуна электр көмөк чордонун орнотуу үчүн жер аянтына мамлекеттик акт алуу сунушун карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
2. Жергетал айыл аймагына караштуу Кызылтуу айылындагы эски МТФ участогуна КТП – 100 электр чордонун орнотуу үчүн 30 кв.м жер аянтына мамлекеттик акт алуу жагы каралсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Жергетал айыл аймагынын жер адисине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Молдояров |