Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-июну № 11
АРИСтин “Жайыттарды жакшыртуу” долбоорунан келген техникаларды баланска кабыл алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча АРИСтин “Жайыттарды жакшыртуу” долбоорунан келген техникаларды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндөгү Жергетал айыл аймагынын ЖПБ төрагасынын билдирүүсүн карап жана талкуулап Депутаттардын Жергетал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергетал айыл өкмөтүнүн ЖПБсине АРИСтин “Жайыттарды жакшыртуу” долбоорунан келген LW 300 FN маркасындагы фронтальдык жүктөгүч айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Жергетал айыл өкмөтүнүн ЖПБсине АРИСтин “Жайыттарды жакшыртуу” долбоорунан келген УТО-504 маркасындагы дөнгөлөктүү трактор жана ANTAR|LUSNA маркасындагы талаа дары чачкычы, Z-178 маркасындагы роторду чөп чапкыч айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмолгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Молдояров |