Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 8-февралы № 1
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башкы адиси Асыранов Жангазынын жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Беколдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башкы адиси Асыранов Жангазынын жазган кайрылуусу канаатандырылсын.
2. Талас райондук малекеттик салык инспекциясынын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337–беренесинин бөлүгүндө айыл чарба багытындагы жерлердин, жер кыртышынын бонитетинин негизинде салык базасын көтөрүү үчүн мурдагы салык базасы өзгөрүүсүз калтырылсын.
3. 2018-2019 жылдагы “Альянс Алтын”ЖЧК жана анын астында подряддык түрдө иштеп жаткан ишкналарга таштанды салыгын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 76-беренинин негизинде каралгандай ишканага иш жүргүзүү үчүн бекитилип берилген жер аянтынына жана ишканаларда иштеп жаткан жумушчулардын санына жараша ар бир жумушчуга 100 сомдон эсептелип Бекмолдо айыл аймагынын эсеп счетуна акча каражаты төгүлсүн .
4. Жергиликтүү айыл тургундарынан таштанды салыгы боюнча салык алынбасын.
Тѳрага | А. Ибраимов |