Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 3а
Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин директорунун, Кара-Ой айылындагы бала бакчанын жана Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин директорунун, Кара-Ой айылындагы бала бакчанын жетекчисинин жана Бекмолдо айыл өкмөтүнгүн башчысынын жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин директорунун Кара-Ой айылындагы бала бакчанын жетекчисинин жана Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын жазган кайрылуусу канаатандырылсын.
2. Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин айланасындагы тал-теректерди, Сасык-Булак айылындагы маданият үйүнүн астындагы тал-теректерди жана сосналарды жана Кара –Ой айылындагы бала бакчанын тегерегиндеги тал-теректерди жана сосналарды кыюуга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |