Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 6а
31.01.2018-жылы чыккан №4 а токтомун кайрадан бекитүү жөнүндө
31.01.2018-жылы чыккан № 4а токтомун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Кеңеш айылына спорт зал куруу жөнүндөгү 2018-жылдын 31.01 № 4а токтому күчүндө калтырылсын .
2. Бекмолдо айыл аймагынын Кеңеш айылына спорт зал куруу жөнүндөгү 2018-жылдын 31.01 № 4а токтомунда көрсөтүлгөн 13 500 000 (он үч миллион беш жүз миң) сом акча каражатынан аткарылбай калган 9 450 000 (тогуз миллион төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Кеңеш айылына спорт зал куруу үчүн технадзор кызматын пайдаланууга 67 500 (алтымыш жети миң беш жүз )сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |