Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2019-жылдын 20-марты № 7
01.06.2018-жылы чыккан № 50 токтомун кайрадан бекитүү жөнүндө
01.06. 2018-жылы чыккан №50 токтомун карап жана талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылындагы маданият үйүн оңдоп түзөө жана тегерегин курчоо жөнүндөгү 01.06. 2018-жылы чыккан №50 токтому күчүндө калтырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылындагы маданият үйүн оңдоп түзөө жана тегерегин курчоо жөнүндөгү 2018-жылдын 01.06 № 50 токтомунда көрсөтүлгөн 5 476 360 (беш миллион төрт жүз жетимиш алты мин үч жүз алтымыш ) сом акча каражатынан аткарылбай калган 1 643 460 (бир миллион алты жүз кырк үч миң төрт жүз алтымыш ) сом акча каражаты 2019-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин .
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |