Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү 3-сессиясы
2019-жылдын 27-апрели № 28
Чоң-Токой жана Кеңеш айылынын айылынын элинин жыйынын протоколу жана жайыт төрагасынын төрагасы С.Ашировдун жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине каралган карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Токой жана Кеңеш айылынын айылынын элинин 2019-жылдын 23-апрелиндеги жыйынын протоколу жана жайыт төрагасынын төрагасы С.Ашировдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Чоң-Токой жана Кеңеш айылынын айылынын элинин 2019-жылдын 23-апрелиндеги жалпы элдик чогулушунун протоколунун негизинде дыйкандардын жер үлүшүнө малдар түшүп кетсе бодо малга -1000сом, ар бир койдун башына 100 сомдон айып пул чектөө жагы сунушталсын.
3. Башка айыл аймактардын малчылары Бекмолдо айыл аймагынын дыйкандарынын айдоо аянтына малын түшүрүшсө жана айыл аймактын жайыт жерлерине малдарын жайышса бодо малга -1000 сом , ар бир койдун башына 100сом айып пул салуу жагы сунушталсын.
4. Малчылардын жайлоого көчүп кетүүсү жылдын май айынын 20-числосунан кечиктирилбесин жана кайра кыштоого көчүп келүүсү 20-октябрдан эрте болбоосуна чара көрүлүүсү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
6. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнөн башчысы К.Каныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Ибраимов |